Муфтият 2023-жылга карата зекеттин баасын бекитти

1. Ар бир мусулман пенденин байлыгы ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.

2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү башкача айтканда 2.5% берилет.

3. Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 грамм алтынга туура келет. Ал эми күмүштүн өлчөмүнө караганда  595 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо баасы  2890 сом. Ал эми 1 грамм уюутулган күмүштүн баасы  53 сом.

Жыйынтыгында: Алтын баасында эсептегенде: 85 грамм алтынды (585-проба менен)  2890 сомдон эсептегенде  245 650  сом болуп, анын кырктан бири  6142 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 2810 доллар болуп, анын кырктан бири 70,25 доллар).

Күмүштүн баасы менен эсептегенде: 595 грамм күмүштү (орто эсеп менен)  53 сомдон эсептегенде 31535 сом болуп, анын кырктан бири  789 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 361 доллар болуп, анын кырктан бири 9 доллар).

Жогоруда аталаган зекет төрт нерседен берилет: Алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан (соода-сатык ниетинде сатып алынган буюмдар).