Манас районунун баш имам-хатиби «Анарбек ажы» мечитиндеги курулуш иштери менен таанышты

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-Коргон айылынын «Анарбек ажы» мечитинин жамааты менен жолугушуп, мечиттин абалы жана курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Мечит жамааты район баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев менен болгон жолугушууда мечитти тааныштырып, 120 кв метр алды жабылганын билдиришип, демөөрчү Анарбек ажыга ыраазычылыгын билдиришти.

«Мечит 1996-жылы Анарбек ажы тарабынан курулуп колдонууга берилген. Жамаат көбөйүп жума намазда батпай калгандыктан, мечиттин жанына улап 120 кв метр болгон навести Анарбек ажы өз каражаты менен салып бериптир», – деп билдирди баш имам-хатиб.