Сулумбек ажы Узеналиев Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов менен жолугушту.

Алгач облус казысы Нурлан Дардановду Талас облусу боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, белекке ыйык Куран китебин тапшырып, салтка ылайык ак калпак кийгизди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу каралып, ысырапкерчиликтин алдын алуу иш-чараларын көбөйтүү боюнча пикир алмашты.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов коомдогу ыксыз көрүнүштөр менен биргеликте күрөштү күчөтүүнү сунуштады.

«Ысырапкерчиликтин алдын алууда имамдар эл чогулган жерлерде, жыйындарда атайын тема кылып кеңири түшүндүрүп беришсе абдан натыйжалуу болот. Биргелешип ыксыз чыгымдарды азайтууга колдон келишинче аракет кылалы», – деди.

ал эми облус казысы имамдар Жарлык чыккан күндөн тарта жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин байма-бай жасап жатканын айтып, өкмөт тарабынан да көзөмөлгө алынып колдоо болсо, процесс азыркыдан да жемиштүү болорун айтты.