Муфтият Түркияга жардам катары дагы 3 млн сом которду

Бүгүн, 14-март күнү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы боордош Түркия мамлекетинде катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга 3 млн 39 миң сом 989 акчалай жардамды бирдиктүү эсепке которду. Анын ичинде Талас облустук казыяты 1 млн 376 миң 050 сом топтосо, Нарын казыяты экинчи жолу 238 миң сом тапшырды. Андан сырткары ишкерлер, кайрымдуу инсандар, боордошчул жарандар да жардам колун сунушкан.

Муфтияттын буга чейин элден топтолгон 16 млн 417 миң  294,25 сом акчалай жардам которгонун эске алсак, Кыргызстан мусулмандары топтогон жардамдын жалпы суммасы 19 млн 439 миң 989 сомду түздү.