Ак-Талаа районунда “Зомбулукка жол бербейбиз” аттуу иш-чара өткөрүлүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов, Кош-Дөбө, Жерге Тал, Коңорчок, Кара-Бүргөн айылдарында Кыргыз  Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы  №390  токтомуна ылайык окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун, үй-бүлөдөгү зомбулуктун, укук  бузуулардын, суициддин, диндик  экстремизмдин алдын алуу багытында айыл аймактарында ата-энелердин катышуусунда жолугуушулар болуп өттү.

Жолугуушуга Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын  акиминин орун  басары Кенжегүл Карагулова, Ак-Талаа райондук прокурордун улук жардамчысы Актан Бакытов, Социалдык коргоо башкармалыгынын орун басары Бакыт Осмонов, Ички иштер башкармалыгынын милициянын участкалык ага кызматкери, Ак-Талаа РБББ башчы орун басары Динара Исамамбетова, Ак-Талаа районунун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиевдер катышты.

Бул чогулушта балдарды тарбиялоодо ата-энелер мектебинин мааниси жана азыркы абалы, ата-энелердин жоопкерчилиги, окуучулар арасында топтошуп мушташуу, уурулук кылуу, рэкетчилик, кыздарга карата зордук-зомбулук жана эрте никеге турбоо, кесип тандоо боюнча баалуу сөздөр айтылды.

“Окуучулар арасында мечитке барган жаштарыбыз бар. Бул жакшы көрүнүш. Биз силерди мечитке келбегиле дебейбиз, келгиле. Мечит – бул жан дүйнөнүн илими, байлыгы. Бирок мечитке келгенде кандай ийкемдүү болсоңор, мечиттин сыртында да ошондой болгон жакшы. Анткени мусулман баласы эки жүздүү болбошу керек. Биздин динибиз “бирөөнү тоно”, “алдап кач”, “өмүрүңө кол сал”, “илимсиз бол” деп үйрөтпөйт. Ислам динибиз “бирөөнүн акысын жебе”, “алдаба”, “бир кесиптин ээси бол” дейт. Ошондой эле илим-билимдүү болуп башкаларга пайда берүүгө чакырат”, – деди Акылбек Эсеналиев.

Эскерте кетсек, сөз болуп жаткан үгүт кербени ушул жума ичи Ак-Талаа районунун бардык айылдарында жолугушууларды уюштурмакчы.