Жарыя! КМДБнын «Агартуу кербени» Талас облусунда эл менен жолугушат

2023-жылдын 16-17-март күндөрү Талас облусунун райондорунда уюштурулуп жаткан «Агартуу кербени» иш-сапарынын алкагында эл менен жолугушуулар өткөрүлөт. Муфтият кызматкерлери жана Аалымдар Кеңешинен турган аалымдар Бакай-Ата, Манас, Чыңгыз Айтматов райондору жана Талас шаарына барып, жер-жерлерде түшүндүрүү-агартуу иш-чараларын өткөрүшөт.

Бейшемби жана жума күндөрү уюштурулуп жаткан элдик жыйында негизинен ысырапкорчулуктун алдын алуу жана салттуу ислам боюнча баяндамалар жасалып, суроолорго жооп берилет. Ошондой эле диний агартуу кербенчилери райондук жума мечиттерде жума баяндарын өтүшөт.