Ошто Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, анын төрагалыгына Сайдамир ажы Жейналиев шайланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы тууралуу», «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө» жана «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын аткаруу алкагында 2023-жылдын 14-мартында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Кыргызстандагы Дин таанууну изилдөө борбору жана «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюму менен биргеликте Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, ага КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы И.Мурзабеков, КР  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактагы отуздан ашуун ар түрдүү диний уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

 Иш-чаранын жүрүшүндө Кеңештин Байкоочу тобунун курамы жаңыланып, ага КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн, КР  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү киргизилди. Кеңештин төрагалыгына Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, анын орун басарлыгына Православ чиркөөсүнүн жетекчиси В.Реймген, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев, Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Г.Пусуровалар шайланышты.

 Эксперттер диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана улуттук каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо маселелери боюнча баяндамаларды жасашты, бул маселелер кызуу талкууланып, катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылды.

 Мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кайрымдуулук, гуманитардык, тынчтыкты камсыздоо, социалдык маселелерди чечүү боюнча тыгыз кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү улантылары баса белгиленди.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңеш КР ДИМК тарабынан диний уюмдардын өз ара мамилелерин чыңдоо,  мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында түзүлгөн. 2022-жылы кеңештин 6 биргелешкен иш-чарасы өткөрүлүп, улуттук тамактар жасалып, боз үй тигилип, ысырапкорчулукка каршы күрөшүү, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу маселелери талкууланып, диний чөйрөнү тескеген мыйзамдар боюнча интеллектуалдык мелдештер, спорттук таймаштар уюштурулган.