Ош шаарындагы “Али Аль-Байт” мечитинде 130 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты «Себепкер» кайрымдуулук фонду менен биргеликте шаардагы “Али Аль-Байт” мечитинде 130 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчаларын таратты. Саамалыкка Ош шаарынын казысынын орун басары  Мухаммадяр кары  Курбанбеков, аталган мечиттин имам-хатиби жана «Себепкер» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мустафа ажы Абдиев, жергиликтүү аксакалдар жана мечит жамааты катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадяр кары Курбанбеков “Себепкер” кайрымдуулук фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди:

“Муктаж болгондорго кам көрүп, аларга жардам берүү динибиздин өзгөчөлүктөрүнөн. Жараткан Куранда берешен, жоомарт инсандарды мактаган. Алла Таала баарыбызга ушундай кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, башка момунга пайда тийгизүүнү насип кылсын”.

Белгилей кетсек, “Себепкер” кайрымдуулук фонду ай сайын кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп келет. Фонд тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кечелер таркатылып турат.