Баткенде «Кайнене-келин» жарышы өткөрүлдү

Баткен шаарындагы Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында бактылуу үй-бүлөнү чагылдырган «Кайнене-келин» жарышы болуп өттү. Аталган иш-чараны Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты, Баткен райондук хатибияты, «Адеп башаты» диний уюму жана «Муаз Ибн Жабал» медресеси биргеликте уюштурулду.

Жарышта 15 кайнене, 15 келин ат салышты. Программанын алкагында катышуучулар буга чейин окуу үчүн жарыяланган «Мусулман үй-бүлө» китебинен тест тапшырып, он мүнөттүн ичинде кайнене-келин биргеликте салат жасап беришти. Андан сырткары Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (САВ) сүннөт амалдарын кагазга тизмектеп жазышты.

«Иш-чаранын негизги максаты, кайнене-келиндердин ортосундагы мамилени, ынтымакты чыңдоо жана китеп окууга кызыгуусун арттыруу болуп саналат», – дейт Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Уулкан Дүйшеева.

Кеченин соңунда жеңүүчүлөргө, жалпы эле бардык катышуучуларга кызыктыруучу белектер жана казыят тарабынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.