Тоң районунун хатибияты Бишкектеги «Расул Акрам» Ислам институтун 3 тонна картошка менен камсыз кылды

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акуновдун демилгеси менен Четинди, Ж. Бөкөнбаев, Ак-Ɵлөң айылдарынан 3 тонна картошка чогултулуп, Бишкек шаарын Учкун кичи районунда жайгашкан «Расул Акрам» Ислам институтуна  жалпы элдин атынан жеткирилди. Кайрымдуулук иш чарасы жылдык планда каралгандыктан айыл эли өздөрү колдоо көрсөтүшкөн.

Райондук хатибияттын эмгек жамааты айыл имамдары менен биргеликте үшүр, зекет туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Элибизден айланса болот, себеби жылыга үшүрлөрүн жыйнап, диний окуу жайларга дагы колдоо көрсөтөбүз,-деди Таалайбек ажы Акунов.