Нарын райондук хатибияты жергиликтүү бийлик жетекчилери менен биргеликте 6 мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Жалгыз-Терек, Жаңы-Талап, Кара-Чий, Орук-Там, Эмгекчил жана Өрнөк айылдарынын орто мектептеринде райондук жетекчилердин катышуусунда  мектеп  мугалимдерине жана ата-энелерге атайын семинарлар өтүлдү.  Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаевна, Нарын райондук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Акматалиевич жана Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев катышкан бул түшүндүрүү иштеринде калктын социалдык жашоосуна тиешелүү маселелер жана билим берүүдөгү жагдайлар  каралып,  билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Түшүндүрүү иш чарасынын алкагында Нарын районунун баш имам хатиби Кумар ажы Орозалиев ата-энелерге жана мугалимдерге «Балдарга туура тарбия берүү» туурасында баяндама жасап,  агымдар жана диний сабаттуулук туурасында маалымат берди.

Ушул тариздеги иш чара Нарын районундагы ар бир мектепте өткөрүлүп, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Кудай буюрса иш чарабызды  2-чейректе дагы баштоо алдында турабыз, – дейт Нарын районунун баш имам хатиби Кумар ажы Орозалиев.

Эскерте кетсек, өткөн 2017-жылы ыйман, адеп жана маданият жылына карата облустун бардык 133 мектебинде Нарын казыяты жана хатибияттар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.