Түп районунун баш имам хатиби Фрунзе айылындагы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, жаштарды билим алууга чакыруу керектигин билдирди

Ысык-Көл облусунун Түп районунун баш имам хатиби  Бакыт ажы Кайкиев Фрунзе айылындагы борбордук мечитте жергиилктүү тургундар менен жолугушуп, ысырапкерчиликти токтотуу жана бөгөт коюу,  эл ичиндеги ынтымакты бекемдөө, конфессиялар аралык мамилени жогорулатуу боюнча баяндама жасап, айыл элин биримдикке чакырды. Муну менен катар баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиев жаштардын ыйманын, адеп-ахлагын жогорулатуу менен билим алууга үндөө керектигин баса белгиледи.

Ислам дини билим алууга чакырат. Биздин жаштар канчалык билимдүү болсо мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошушат. Жаштар билимдүү болсо терс диний агымдарга дагы азгырылбайт. Мына ушундан улам биз айыл элин ынтымакка, ал эми жаштарды билим алууга чакыруудабыз,-дейт баш имам хатиб.