Азирети Муфтий «Бүткүл дүйнөлүк Куран жана Сүннөт» уюмунун өкүлү менен жолугушуп, илимий окутууларды уюштуруу жаатында пикир алышты

Бүгүн, 9-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «Бүткүл дүйнөлүк Куран жана Сүннөт» уюмунун өкүлү  доктор  Ахмад Сайфуддин Туркистаний менен жолугушуп, 10-11-ноябрь күндөрү  Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн  «Диний билим берүүнүн коомдогу орду» аталышындагы окуу семинарын өткөрүү жана анда каралган программалар боюнча пикир алышты.

Муну менен катар тараптар эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу жана билим берүү тармагында окутууларды уюштуруу жаатында сүйлөшүп, Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.