Баткенде Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу боюнча жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 13-мартта Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Кыргызстандагы Диний кырдаалды  изилдөө борбору менен биргеликте  Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы тууралуу», «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыктарын аткаруу алкагында  кезектеги жыйыны өткөрүлүп, ага КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы И.Мурзабеков, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Ч.Юсупов, Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана  аймактагы ар түрдүү диний уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө  диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана улуттук каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо маселелери боюнча баяндамалар жасалды.