Ош облусунун казысы Ош ОИИБнин жетекчиси менен жолугушуп, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча пикир алышты

Бүгүн, 14-март күнү, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жана Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өмүрүнүн кыйылышын токтотуу жана жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүү жаатында пикир алышып, жакындан кызматташуунун зарылдыгы талкууланды.

Облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев жалпы дин кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу жана эрежелерди так сактоо болюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн жана ага байланыштуу жума баяндарында байма-бай айтыларын айтып, төмөнкүлөрдү белгилеп өттү:

“Акыркы учурларда жол кырсыгына байланышкан зээн кейитерлик иштер көп катталууда, биз дин кызматкерлери бул нерсеге кайдыгер болбостон, колубуздан келишинче алдын алуу иштерин жасап жатабыз. Буюрса келерки жума баянында жол эрежелери жана кырсыктардын алдын алуу боюнча насааттарды айтабыз”.