Ноокатта өспүрүм кыздар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү Каранай айылында жайгашкан “Каранай” мечитинде жаш өспүрүм кыздар үчүн Куранды тажвид эрежеси менен окуу боюнча сынак болуп өттү.

Ага райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү бир катар имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Сынактын жүрүшүндө эң мыкты тажвид эрежелери менен Куран окугандар калыстар тарабынан бааланып, аларга баалуу сыйлыктар ыйгарылса, калган катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Куран жарыштын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеген райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

“Куран окулган элде ар дайым тынчтык болуп, берекелер жаап турат. Кыздарыбыздын Куран окуганын көрүп, көзүңө жаш келбей койбойт. Жаратканга миң шүгүр айталы. Жаштарыбыздын Куранды көкүрөккө сактап, ага кызыккандыктары бейпил келечектен кабар берет”.