Баткенде кыз-келиндер үчүн түшүндүрүү иш-чарасы өтүп, алардын турмуштук суроолоруна жооптор берилди

Баткенде аялдар үчүн диний маалыматтык түшүндүрүү-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйынга облус казысы Нурдин ажы Мамасабиров жана казынын орун басары Муса ажы Жолдошов катышты. Нуридин ажы Мамасабиров ислам дининдеги аялзатынын үйдөгү, коомдогу орду, келечек муунга туура тарбия берүүдөгү ролу, ысырапкерчилик туурасында баяндамасын жасады. Ал эми Муса ажы Жолдошов “Рамазан айына даярдык” темасында лекция окуду.

Иш-чара алкагында катышуучулар кызыктырган суроолорун берип, учурдагы актуалдуу болуп турган маселелер боюнча маалымат алышты.

Белгилей кетсек, Баткен облустук мусулмандарынын казыяты аялдар үчүн жумасына бир жолу ар түрдүү темаларда сабактарды өткөрүп келет.