Араван районунун баш имам-хатиби Төө-Моюн айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды

Кечээ, 14-март күнү Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков Төө-Моюн айыл аймагына иш-сапары менен барып, айыл өкмөт башчысынын орун басары Дилмурат Балтабаев менен жолугушуп, динний объекттердин эсептик каттоосун тездетүү боюнча пикир алышты.

“Төө-Моюн айыл өкмөтүндө бир канча диний объекттер, тагыраагы мечиттер эсептик каттоодон өтпөй турат. Буга ар түрдүү себептер тосколдук кылып келет. Каттоо иштерине жакындан жардам көрсөтүшүңүздү суранып кетер элек. Биз да колубуздан келишинче аракет кылалы”, – деди райондук баш имам-хатиб Максат кары Сыдыков.

Айыл өкмөт башчысынын орун басары Дилмурат Балтабаев жалпы айыл башчыларын чакырып, кайсыл айылда каттоодон өтпөгөн мечит болсо документтерин тез күндүн ичинде бүтүрүү тапшырмасын берип, иштин жүрүшүн өзү көзөмөлдөөрүн айтты.  

Максат кары иш сапарынын алкагында айылдын имамдары менен жолугулуп, аларды кирип келе жаткан орозо айы менен куттуктап, той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатуу аземдеринде ысырапкерчиликке барбоо, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмаларын берип, мечиттердин каттоо иштеринде мүмкүн болушунча ыкчам аракет кылуу зарыл экендигин айтты.