Ош облустук казыятынын кызматкерлери Чий-Талаа айылынын тургундары менен жолугушту

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана казыяттын үгүт-насаат, мечиттер бөлүмүнүн адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков иш сапары менен Алай районунун Чий-Талаа айылына барып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында КР Президентинин №54-Жарлыгын ишке ашыруу максатында ыксыз чыгымдардын алдын алуу, аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо жана ынтымак боюнча насааттар айтылды.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өз осуяттарында ар дайым башчыларга баш ийүүгө чакырган. Баарыбыз ислам динин карманган мусулман элбиз. Ата-бабабыз карманып келген динибизде башчыга баш ийүү важиб (милдет) деп айтылат. Ошондуктан Өлкө башчыбыздын үй-бүлөлүк салтанаттарда жана маркумду акыркы сапарга узатууда ысрапкерчиликти болтурбоо боюнча Жарлыгын аткаруу баарыбызга милдет. Биз мусулманчылыгыбызды моюндап башчыга баш ийип, ысыраптан узак болуп, башкаларды да ага үндөйлү. Керектен ашыкча коротулгандын баары ысырап деп аталат. Бул нерсе шариятыбызда караланып, чоң күнөө, арам иш экендиги жана шайтандын жоруктарынан деп айтылат”, – деп билдирди казы орун басары.

Ал эми диний тармакка байланыштуу көйгөйлөр жана аны чечүү жолдоруна кенен токтолгон Абдималик ажы Турсунбеков ысырап сыяктуу терс көрүнүштөрдү ынтымак жолу менен гана чечүү керектигин белгиледи.