Музаффар ажы Турдубаев: “Тазалыкка ишемби күнү гана эмес, баскан-турганыбызда көңүл буралы”

Ош облусунун Ноокат районун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев райондогу 17 айыл өкмөтүнүн жооптуу имамдарына жыйын өттү. Ачык асман алдында өткөн жыйында КР Президентинин ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жаз келгендигине байланыштуу тазалык, көктөндүрүү, диний имараттардын айланасына, жол четтерине мүмкүн болушунча көчөт тигүү жана ишембилик өткөрүү тапшырмасын берди.

“Тазалык – ыймандын жарымы” деп айтылат хадисте. Мусулман киши ар дайым тазалыгы менен башкалардан айырмаланып келген. Демек тазалык, пакизалык – бул момундук сапаттардан. Ошондуктан өзүбүз баш болуп жамаатыбыз менен диний обеъктилерди жана жолдорду тазалап туралы. Тазалык иштерин бир күнгө – ишембиге эле белгилеп, башка күндөрү кайдыгер болбостон баскан-турганыбызда тазалыкка көңүл буралы. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.) “жолдогу башка бирөөлөргө ызаа берген нерсени алып коюу да ыймандын бир бутагы” деп айткан”,деди Музаффар ажы Турдубаев.