Мирланбек ажы Токтомушов Ош ШИИБнин башчысы менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында калаа мусулмандарынын казысы ыйык Рамазан айы келе жатканын билдирип, орозодо аткарылчу иштер боюнча маалымат берди.

“Ош шаарына караштуу 80 ден ашык мечиттер бар. Анын 45 инде жума окулса, 39 унда 5 убак намаз окулат. Орозо күндөрү шаардагы мечиттердин дээрлик бардыгында таравих намазында 30 пара Куран хатм окулат. Кудай буюрса, мечиттерибиз бул саамалыкка даяр”, – деп билдирди Мирланбек ажы.

Ал эми Ош ШИИБнин башчысы орозо жана жума күндөрү өткөрүлчү иш-чараларда калк коопсуздугун сактоо сыяктуу зарыл көмөктөр көрсөтүлөрүн билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн зарылдыгын белгиледи.