Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыят аппараты Ош шаарынын мэринин кабыл алуусунда болду

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыят кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуу жылуу маанайда болуп, шаар казысы Ош шаарынын мэри Бакытбек Жеңишбековичти жаңы кызмат орду менен куттуктады. Ошону менен бирге шаар үчүн жигердүү иш алып баруусуна ишеним көрсөтөрүн билдирип, ооматтуу башчы болуусун Жараткандан сурап, дуба-тилектерин айтты.

Мирланбек ажы казыят кызматкерлерин мэрге тааныштырып, алдыдагы улуу Рамазан айына болгон даярдыктар жана таравих намаздарында Куран хатм окулушу боюнча маалымат берди.

Ал эми шаар мэри Бакытбек Жетигенов өз сөзүндө шаар казысын да кызматка киришүүсү менен куттуктап, жакындан кызматташуу жана алдыда биргеликте аткарылчу жакшы иш пландар мерчемделгенин билдирди.