Баткенде ысырапкорчулуктун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район акими Учкунбек Жоробаев жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун катышуусунда  райондук деңгээлде жыйын болуп өттү.

Жыйында маркумду эскерүү үрп-адаттарын, маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө багытындагы түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүү макулдашылды.

Жыйынга катышкандар той-аш, өлүм-житимдеги үрп-адаттар адаттан сырткары ысырапкорчулукка алып келип жаткандыгын айтып, сарамжалдуулукту колдоорун билдирип, бул жааттагы иштерге колдоо көрсөтөрүн белгилешти.