Абибилла ажы Кадырбердиев: «Ыксыз ысырапкорчулук сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр менен тынымсыз күрөшүү шарт»

Бүгүн, 16-март күнү, Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган аалымдар тобу Талас облусуна келди. «Агартуу кербени» иш сапарынын алкагында Таласка келген КМДБ кызматкерлери казыят аппаратына жана райондордун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрдү.

Жыйында ысырапкорчулуктун алдын алуу багытындагы иш-аракеттер, облустук жана борбордук башкаруу уюму менен тыгыз кызматташуу, эр арасында зекет, үшүр жана садага боюнча түшүндүрүү-агартуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча маселелер каралып, баш имамдарга тапшырмалар берилди. Ошондой эле баш имам-хатибдердин 2022-жылдык отчётунун жыйынтык-корутундусу угулду.

«Урматтуу имам-дамлалар! Ысык-суукка карабай, чарчабай-чаалыкпай дин исламга кызмат кылып келе жатасыздар. Жаратканым баарыңыздардан ыраазы болуп, кылган кызматыңыздарды кабыл кылсын. Азыркы тапта динге кызмат кылуу биртоп оор болуп калды. Себеби, салттуу эмес багыттар күчөп, салттуу матуридилик-ханафилик мазхабыбызга каршы чыгып, айтор элдин башын айлантууда. Андан сырткары ыксыз ысырапкорчулук сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр менен да тынымсыз күрөшүү керек» – деп билдирди Абибилла ажы Кадырбердиев.