ФОТО: Муфтият кызматкерлери Талас облустук казыятынын кеңсесинин курулушу менен таанышты

Бүгүн, 16-март күнү, Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган Муфтият кызматкерлери жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинен турган аалымдар тобу «Агартуу кербени» диний үгүт-насаат иш сапарынын алкагында Талас облусуна келди. Аалымдар Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында курулушу аяктап бараткан казыят имараты менен таанышты. Агартуу кербенчилери диний идаранын ислам үчүн кайырлуу, берекелүү, пайдалуу болушун Жараткандан тилеп, Сулумбек ажы Узеналиев жетектеп келе жаткан казыяттын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, дубаларын беришти.

Белгилей кетсек, эртең, 17-мартта дин аалымдары ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк жана райондук мамлекеттик адиминистрациялар тарабынан уюштурулчу элдик жыйындарга катышып, ысырапкорчулуктун кесепеттери жана салттуу исламдын артыкчылыктары боюнча баяндама жасап, калайыктын суроолоруна жооп беришет. Ошондой эле Талас облусундагы ири жума мечиттеринде баяндамаларды жасап, кутпа окушары күтүлүүдө.