Чүй облусунун мусулмандарынын казысы болуп Абдил-Азиз ажы Чыныбеков дайындалды

Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Чүй облусунун мусулмандарынын казысы болуп Абдил-Азиз ажы Чыныбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жаңы дайындалган Чүй облусунун мусулмандарынын казысын жалпы эмгек жамаатка тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалап, казыят, хатибият жана аймактагы дин кызматкерлери менен биргеликте элибиздин руханий агартууда жана жан дүйнөсүн байытууда бардык мүмкүнчүлүктү жумшоо керектигин белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтийдин орун басары элибиздин ынтымагын, биримдигин бекемдеп, улуттар аралык достукту чыңдоо керектигин баса белгиледи.

ӨМҮР БАЯНЫ

Чыныбеков Абдил-Азиз Чыныбекович 1990-жылы 19-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

БИЛИМИ:

  • 1998-2008-жылдары Бишкек шаарындагы №31 жана Чүй облусунун Новопавловка айылындагы №2 мектебин аяктаган.
  • 2008-2015-жылдары Бишкек шаарындагы «Абдулла ибн Масуд» диний окуу жайын аяктап, «шарият боюнча мугалим» кесибине ээ болгон.
  • 2016-2021-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин «Укуктук мамилелердин тарыхы» факультетин аяктаган.
  • 2017-жылы Кувейт мамлекетинен шарият боюнча квалификациясын жогорулаткан.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

  • 2015—2016-жылдары Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы медреседе мугалим;
  • 2016-2017-жылы Чүй облустук мусулмандарынын казыятында катчы;
  • 2017-2023-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси;
  • 2023-жылдын 16-мартынан тарта Чүй облусунун мусулмандарынын казысы.

Үй-бүлөлү, 1 кыздын атасы

Кыргыз, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Чүй облусунун мурдагы казысы Руслан ажы Жумагуловго ардактуу казысы жана Азирети Муфтийдин ардак грамотасын тапшырып, мындан аркы ишине ийгилик каалады.