Лейлекте аялдар арасында Куран жарышы өтүп, ага 100 дөн ашуун кыз-келин катышты

Баткен облусунун Лейлек районунда райондук хатибият жана «Адеп башаты Баткен» диний уюму менен биргеликте аялдар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды. Аталган жарышка жалпы 100 дөн ашуун айымдар катышып, төмөнкүдөй жыйынтыкталды.

1-орун – Хасанова Наргиза;

2- орун – Абдукаарова Захира;

3- орун – Хамитова Уркия;

4-орун – Гүлжигит кызы Муслима;

5- орун – Кошбаева Диянат.

Ал эми жарышка катышкан конкурстанттардын айтымында, Куран адамдын кулк-мүнөзүнүн өзгөрүшүнө себепчи болот.

“Куранды окуган соң адамдын мүнөзү жумшарып, жакшы жагына өзгөрөт экен. Башында аны жаттай албай аябай кыйналгам. Негизинен Куранды окуган адам өз жоопкерчилигин сезип, жүрүм-турумуна кылдаттык менен мамиле жасап калат экен”, – дейт Диянат аттуу катышуучу.