Агартуу кербени: Азирети Муфтий баштаган аалымдар Талас шаарында эл менен жолугушту (фото)

Бүгүн, 17-март күнү Талас облусунун Талас шаарындагы А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде ысырапкорчулуктун кесепеттери жана салттуу ислам боюнча элдик жыйын өттү. «Агартуу кербени» иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, КР ДИМКнын төрага орун басары Канат Мидин уулу баштаган облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, АК мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев башында турган казыят аппараты, райондук баш имам-хатибдер, имам-хатибдер жана имамдар катышты.

Жыйында ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча баяндамалар жасалып, түшүндүрүү-агартуу иш-чарасы жүргүзүлдү.

Элдик жыйындын соңку бөлүгүндө суроо-жооп уюштурулду.

Эскерте кетсек, дин аалымдарынан турган Агартуу кербени бүгүн, Талас облусунда эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.