ФОТО: Талас облусуна жасалган «Агартуу кербени» иш сапары жыйынтыкталды

Бүгүн, 17-март күнү, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (Муфтият) кызматкерлери жана Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган аалымдар тобу туура түшүнүктү жеткирүү жана диний маданиятты көтөрүүгө багытталган «Агартуу кербени» иш-сапарынын алкагында Талас облусунун бардык райондорунда жана шаарында эл менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда ысырапкорчулуктун кесепеттери жана салттуу ислам дүйнө таанымынын (матуридилик-ханафилик) акыйкаты боюнча баяндамалар жасалып, суроолорго жооп берилди.