Жалал-Абадда Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 17-март күнү, Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылы болгон коогада каза болгондор эскерилди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, район акими Замирбек Сыдыков жана каза болгондордун жакындары, айылдаштары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус жетекчиси Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгиледи. Ыйгарым укуктуу өкүл өлкө бүтүндүгү, элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган баатырлардын эрдиги эч качан унутулбасын айтты. 

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арнап Жалал-Абад облусунун казысы Жээнбеков Нематулла ажы Куран окуп, өткөндөргө дуба кылды. Эске салсак, 2002-жылдын 17-мартында орун алган коогада Аксыда 6 киши окко учкан.