Ошто укук бузууларды бирдиктүү алдын алуу күнү белгиленип, ага казыят жамааты катышты

Бүгүн, 17-март күнү Ош облусунун аймагында укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнүнө карата «Укук бузууларды биргеликте ооздуктайбыз» жана «Кызматыбыз элге. мыйзам, тартип, коопсуздук» аттуу саамалык өткөрүлдү. Саамалык Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп, ички иштер органдарынын, прокуратуранын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, салык кызматынын, электр тармактары мекемесинин, медицина кызматынын, юстиция министрлигинин, калкты тейлөө борборунун жана башка мамлекеттик мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышкан нускама өткөрүү менен башталды.

Нускамага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, Ош облусунун прокурорунун орун басары Мирлан Адыл уулу аянтка тизилген мамлекеттик мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнүн иш-чарага болгон даярдыктарын көздөн өткөрүшүп, нускама берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов казыяттын кызматкерлерин тааныштырып, мекеменин ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берди.