Баткен облусунун казысы Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушту

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кызыл-Кыя шаарынын «Абу Бакр» атындагы мечитинде шаар жашоочулары менен жолугуп, ынтымак жана Мекенди сүйүү, тазалык, ысрапкерчиликке жол бербөө темаларынын алкагында баяндама жасады. Ошондой эле бөлүнүп-жарылуунун кесепеттерин айтып, шаар тургундарын биримдикке, дайыма кайрымдуу болууга чакырды.

Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров муну менен катар жалпы шаар жашоочуларын 18-март күнү өтүүчү ишембилик иш-чарасына активдүү катышууга чакырды.