Нарында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы талкууланды

Бүгүн, 17-март күнү Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Алтынбек Эркимбеков, КР ДИМКнын Нарын облусундагы өкүлү Бегимай Бектурова, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов жана Нарын шаарындагы диний кызматкерлер менен шаардагы башка дин өкүлдөрү катышты.

Жыйын алкагында Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү 2022-2026-жылдардагы Концепциясын талкуулоо боюнча бир нече баяндамалар айтылды. Анын ичинде жаштар арасындагы диний сабаттуулук, эрте никеге туруунун зыяны, эл арасындагы ысырапкорчулук жана башка бир нече маселелер ортого салынды. Ар бир теманын аркасында талкуу жана суроо-жооптор болду.