«Апиза эне» ислам институтунда өткөн ишембиликке студенттер активдүү катышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Апиза эне» ислам институтунда тазалык иш-чарасы болуп, ага шарият жана Куран факультетинин студенттери активдүү катышты. Тазалык иш-чарасы Азирети Муфтийдин №83 буйругун аткаруу максатында уюштурулганын билдирген институт ректору Абдирашит ажы Батыров төмөнкүлөргө токтолду:

“Динибиз тазалыктын үстүнө курулган. Мусулман моралдык жактан да, физикалык жактан да таза болууга тийиш. Бүгүнкү тазалык иш-чарасынын алкагында инситуттун айланасын, ага кошуп “Исмайил ата” борбордук мечити жана анын айланасын тазаладык. Ошондой эле, айлананы көрктөндүрүү үчүн ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү тигилди. Тазалык динибиздеги эң негизги максаттардан эмеспи. Инситуттагы студенттерге тазалык принциби жогорку деңгээлде үйрөтүлөт. Алар жаз айларынын алгачкы күндөрүндө эле ишембиликтерге чыгышат».

Абдирашит ажы алдыдагы орозо айына даярдык көрүлүп жатканын, учурдан пайдаланып бардык мусулмандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

Ал эми тарбиячы Заир Таир уулу ыйык орозону тазалык менен тосуп алуу абдан жакшы жөрөлгө экенин белгилеп өттү.