ФОТО: Муфтияттын жана КИУнун эмгек жамааты ишембиликке чыгышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамааты бүгүн, 18-мартта Кыргызстан ислам университети менен биргеликте  ишембилик өткөрүштү. Ишембилик иш-чарасынын алкагында Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев  ислам дини  тазалыкка өзгөчө маани бере тургандыгын айтып, айлана-чөйрөгө жана жаратылышка аяр мамиле жасоо керектигин билдирди.