Ош шаарынын казы орун басары ӨКМдин иш-чарасына катышып, Мекенди сүйүү боюнча лекция окуду

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухамматдияр кары Курбанбеков ӨКМдин атайын даярдалган иш-чарасына катышты. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Талантбек Турганбаев жана ӨКМдин кызматкерлеринин зордук-зомбулуктан улам жаштардын өз жанын кыюусунун (суициддин) санынын өскөндүгү жана анын алдын алуу жолдору талкууланды.

Ал арада Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары мындай жосун диний көз карашта чоң күнөө экенин баса белгиледи: «Кереметтүү Курани Каримде «силер өзүңөрдү күнөөгө түртпөгүлө» деп айтылат. Ал эми хадистин маанисинде, «кимде ким өзүн өзү өлтүрсө, кыяматта ошол абалда тирилет» деп айтылган».

Мухамматдияр кары Курбанбеков сөзүнүн аягында аскер бөлүктөгү жоокерлерге жана командирлерге ыраазычылык билдирип, Мекенди сүйүү жана ага кызмат кылуу сооптуу иштерден экенин айтты.