Нарын облустук казыяты ишембилик уюштурду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнү жөнүндөгү жарлыгына ылайык жана КМДБнын түзүмүндөгү диний мекемелерде ишембилик өткөрүү боюнча чыгарылган Азирети Муфтийдин буйругунун негизинде Нарында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке казыят кызматкерлери, ар бир райондун хатибият кызматкерлери, медресе студенттери, ошондой эле жергиликтүү жамаат келип, диний мекемелердин ички-тышкы тазалыктарына көмөктөшүп, мечит, медресенин тегерегин иретке келтирип, арыктарды тазалашты.

Ошондой эле таштандылар чыгарылып, мечиттин айнектери жуулуп, килем-паластары кагылып, куураган бак дарактар алынып салынды. Айрым райондордо кардын кете элегине байланыштуу мечиттердин ички тазалыктары гана колго алынды.