![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/03/IMG-20230318-WA0139.jpg)
Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №83 буйругун аткарууга алуу алкагында Талас облусунун аймагындагы диний объектилерде массалык ишембилик уюштурулду. Тазалык иш-чарасына казыят, хатибият кызматкерлери, имам-хатибдер, медресе жамааты жана студенттер активдүү катышты. Ишембиликте диний обектилердин ичи-сырты, тегерек-чети, айланасы, короосу, арыктар, мекемеге жакын жолдор тазалоодон өткөрүлдү.