Ош облустук казыятынын демилгеси менен «Бир мечиттен бир көчөт» аттуу акция өттү

Ош облусунун аймагындагы жалпы диний объектилерде ишембилик өткөрүлдү. Ишембилик Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин төрагасынын 2023-жылдын 14-мартындагы №20-1841-тапшырмасына ылайык жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин №83 буйругун аткаруу максатында уюштурулду.

Ишембиликтин алкагында жалпы мечиттер, медреселер жана хатибияттардын айланалары тазаланды. Ушуну менен чектелбестен көчөлөрдү эл менен биргеликте тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин буйругунун негизинде, облус казысы демлгелеген «бир мечиттен бир көчөт» аттуу акциянын алкагында райондордо көчөт тигүү да өтүп жатат.

Ишембиликке КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкерлери жана Ош облусундагы Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери катышты. Аталган иш-чарада Ош облустук админстрациясы менен кеңешилип, Сулайман-Тоо музейинин айланасына 200дөн ашуун көчөт тигилди. Ал эми жалпы облус боюнча 2000 ден ашуун көчөттөр тигилди.

«Адам баласы артына калтырган эң жакшы иштердин бири – бул көчөт тигүү. Бир жашы улгайып калган даанышман ата көчөт тигип олтурса, бир жаш жигит келип, «жашыңыз бир топко барып калыптыр, бул тигип жаткан көчөтүңүздүн мөмөсүн көрбөй каласыз го» деп айтат. Анда даанышман ата ага карап: «Балам, биз ата-бабалар тиккен дарактан мөмө жедик, пайдаландык, эми биздин урпактар да биз тиккен көчөттөн мөмө жешсин» деп айткан экен. Анын сыңары, биз да эң алгач Кудай Тааладан сооп үмүт кылып, айлана-чөйрөнүн көркүнө көрк кошсун деген тилек менен бак тигели деп максат кылып, бул акцияны баштадык», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.