Баткен облусунда дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке тартылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен Баткен облусунун аймагындагы бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышты.

Аталган иш-чарага Баткен облусундагы бардык мечиттин имамдары, диний окуу жайдын окутуучулары, студенттери жана жалпы тургундар катышты. 

Ишембилик учурунда диний объекттерди, алардын айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ишембилик катышуучуларына казыят жана хатибият кызматкерлери тарабынан тазалыктын көптөгөн ибадаттарга шарт түзүүсү, мечиттерди тазалоо, үйлөрдү таза кармоо, жолду тазалоо жана анын сооптору тууралуу насааттар айтылды.