Жумгалдын баш хатиби: «Дин дегенде эски жашоону элестетпешибиз керек»

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин окуучуларына “Диний экстремизм жана терроризмге каршыбыз” аталышында жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Жолугуушуга мектеп мугалимдери жана Жумгал районунун баш имам-хатиби Болотхан Эсенбеков, Баш-Кууганды айылынын имамы Тилек Сабырбек уулу катышып сөз сүйлөштү.

«Ислам дини эң таза жана аруу дин. Динибиз эч качан бирөөнү капа кылууга, адам өлтүрүүгө, уурулук кылып киши тоноого үйрөтпөйт. Дин десе эле каяктагы эски жашоону элестетпешибиз керек. Ислам дини адамдын өчүп бараткан жашоосуна үмүт байлап, илимбилимди, тууганчылык менен достукту, тазалык жана ыймандуулукту тартуулаган тынчтыктын дини. Анан кантип динибиз экстремизм менен терроризмге жол берсин», – деди Болткан Эсенбеков.

Айта кетсек, бул жолугушууну мектеп мугалимдери Чынара Апскариева жана Талантбек Орозобеков уюштуруп беришти.