Абибилла ажы Кадырбердиев: «Салттуу эмес багыттардын ириген идеяларына каршы күрөшүү сиздин жана биздин милдетибиз»

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен борбор калаадагы «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» атындагы мечит-медресесинде уюштурулган аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу курсунун кезектеги айлампасы жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган дин аалымдары жана устаздар катышып, насааттарын айтып, тажрыйбаларын бөлүштү.

Абибилла ажы жалпы имамдарга ийгиликтерди каалоо менен дин кызматкерлеринин милдетин эскертип өттү.

 «Ар доордо акыйкатка жанаша эле адашкан батыл багыттар чыгып келген. Ахли сүннөт аалымдары дайыма бузулган акыйда жана секталар менен күрөштө болуп, бизге салттуу таза жолубузду мураска калтырган. Азыркы доордо да фитна чыгарып, элдин башын айлантып, сунний матуридилик-ханафилик жолубузга таш ыргыткан салттуу эмес секталар баш көтөрүп жатат. Бул да Жараткандын сыноосу. Ахли сүннөт атын жамынган, бирок сунниликке таптакыр тиешеси жок тайпалардын ириген идяларына каршы Куран-сүннөт, илим-билим жана акыл-парасат менен күрөшүү керек. Бул эң алгач сиздин жана биздин милдетибиз», – деп билдирди Абибилла ажы.  

Саамалыкта имамдар арасында өткөрүлгөн китеп окуу конкурсунун да жыйынтыгы чыгарылып, конкурсанттарга алган упайларына жараша баалуу белектер ыйгарылды.