![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/03/b26719fc-9145-4c7d-8852-2c0fdf811ba7.jpg)
Азирети Муфтийдин №83 буйругунун негизинде Чүй облусунун аймагындагы диний объектилердин айланасында ишембилик өткөрүлдү. Тазалык иш-чарасына казыят жамааты, хатибияттар, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.
«Ислам дини тазалыктын үстүнө тургузулган. Тазалыктын маанисин мындан билиңиз, керек болсо шариятыбыз тазалык бабынан башталат. Динибиз адамдарга акыйдада, шариятта, адеп-ахлакта да таза болууга үйрөтөт. Момун адам өзүн, сөзүн, тилин, дилин, денесин, тулку-боюн, үйүн, мечитин, жолун, айлана-чөйрөсүн, айылын, шаарын ж.б. бүт баарын таза тутууга милдеткер», – деп билдирди Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.