Ош облусунун аймагында 2000 ден ашуун көчөт тигилди

Ош облусунун аймагындагы жалпы дин кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Ишембилик жалпы мечиттерде, медреселерде жана диний объектилерде өткөрүлүп, облус казысынын буйругунун негизинде 2000 ден ашуун көчөт отургузулду.

«Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев “бир мечитте бир көчөт” аттуу акцияны демилгелеп, жалпы облус боюнча ар бир мечит бирден көчөт тигүү тапшырмасы берилген. Ал көчөттөр хатибияттарда жыйналып, райондук админстрациясы менен кеңешилип, алар көрсөткөн жайларга тигилди», – деп билдирди Ош облустук казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Ибрагим Ильяс уулу.