Ош облусунда «Адам ден соолугу аманат» аттуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Акыркы убакта автоунаа жол кырсыгынан жабыр тартып, адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолгон учурлар токтобой келет. Бул боюнча массалык маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылып келүүдө.

Жол кырсыктарынын статистикасына токтолсок, акыркы 3 жылдын ичинде Ош облусунун аймагында 1641 жол транспорт кырсыгы катталып, 249 жаран каза болгон. Алардын ичинен 62 си жаш балдар. 2868 адам денесинен жараат алган, жараат алгандардын 509 у жаш балдар болгон.

Ошондой кайгылуу көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында мамлекеттик деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Ошондой иштерден четте турбастан, дин өкүлдөрү дагы бул кырсыктарды болтурбоо, адам өмүрүн сактоо боюнча жума мечиттеринде баяндарды жасап жатышат.

Жыл башында Ош облусунун мусулмандарынын казыяты Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, диний экстремисттик аракеттерге жана радикалдашууга жол бербөө боюнча иш мерчем кабыл алган болчу. Түзүлгөн иш-мерчемдердин негизинде мындан ары облустун ар бир мечиттеринде жума күнү жума хутбасында намазга келген жарандарга жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча атайын баяндар айтылууда.

Иш-мерчемдин алкагында ушул жумада Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган имам-хатибдер жума мечиттеринде жарандарды жол кырсыктарынан сак болуга чакырышты. Облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев жума хутбада жалпы дин кызматкерлерин жолкырсыктарын алдын алуу жана эрежелерди так сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Бугл боюнча жума баяндарында байма-бай айтып туруу эскертилди . Анткени  акыркы учурда жол кырсыгына байланышкан кайгылуу окуялар көп катталып, каза болгон жарандар катталууда. Мындан улам жарандарды кайдыгер болбоого чакырып, автожол кырсыктарынын алдын алуу зарылчылыгы түшүндүрүлүүдө.