«Хадижа» айымдардын клубу 1 жылдык отчётун тапшырып, ага Азирети Муфтий баштаган муфтият кызматкерлери катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан түзүлүп, ордо калаабыздагы имам Сарахси мечитинде үзүрлүү эмгектенип келе жаткан «Хадижа» айымдардын клубу 1 жылдык отчётун берди.

Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов, КМДБнын окуу жана үгүт-насаат бөлүмүнүн башчылары Жоробай ажы Шергазиев жана Равшан ажы Эратов катышты.

«Аялзатына тиешелүү көптөгөн суроолор бар. Алар жеке жана тиричилик суроолорунан баштап, глобалдык көйгөйлөргө чейин. Дал ушул көйгөйлөрдү чечүүдө «Хадижа» айымдардын клубу 1 жыл аралыгында  көптөгөн курстарды уюштуруп, аялзатын терс диний агымдардан алдын алууда үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Аялзаты билимдүү, ыймандуу болсо, урпактарыбыздан мыкты инсандар чыгат»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий  динибиздин асыл баалуулуктарын элибиздеги каада-салт, үрп-адат менен айкалыштырып, коомчулукка жана айымдарга жеткирүү “Хадижа” клубунун башкы максаты экендигин айтып, айымдарга ишине ийгилик каалап, Дин башкармалыктын атынан белектерин тапшырды.