Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков аймактагы баш имам-хатибдер менен алгачкы жыйынын өткөрүп, казыяттын ишмердүүлүгү боюнча сүйлөштү

 Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков аймактагы баш имам-хатибдер менен алгачкы жыйынын  өткөрүп,  ыйык рамазан айына карата даярдыктар, мечиттердин тазалыгын камсыз кылуу, таравих намазын жогорку деңгээлде өткөрүү, диний объекттердин каттоосун тездетүүнү тапшырды. Баш имам-хатибдер менен өткөн жыйынга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Чүй облусундагы өкүлү Өмүрзак уулу Замирбек жана ДИМКтин алдындагы диний кырдаалды изилдөө борборунун директору Шүкүр Шерматов катышты. 

«Чүй казыятынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу менен биргеликте ишибизди алдыга жылдыралы. Чүй казыятынын идарасын куруп, хатибияттарга кеңсе салалы. Аймактагы диний абалды жакшыртып, жаштарга туура жолду көрсөтүү менен түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташууну бекемдеп,  зордук-зомбулуктардын алдын алалы! Ар бирибиз өз ишибизди пландап, отчёт берүүнү жакшырталы. Биз биримдикте гана алдына жылып, өнүгөбүз»,-деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмаларды өз учурунда аткарып, иштөө тартибин жаңы дем менен баштоону баш имам-хатибдерге тапшырды.