Баткенде «Кош келдиң, берекелүү Рамазан айы» аттуу иш-чара болуп өттү

Кирип келген Ыйык Рамазан айынын урматына Баткен казыятынын аялдар бөлүмү тарабынан орозо айын салтанаттуу жана жагымдуу тосуп алуу, ошондой эле орозонун өкүмдөрүн, пазилеттерин жайылтуу максатында жалпы айымдар үчүн «Кош келдиң, берекелүү Рамазан айы!» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облустук мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, «Мутакаллим» фондунун башчысы Жамал Фронтбек кызы баштаган активист айымдар катышты.

Программага ылайык Куран окуу менен башталган иш-чара куттуктоо, викторина, сахналаштырылган көрүнүштөр, устазалардын таалимдери менен коштолду.