Кара-Көлдө облустук деңгээлде «Куран жазы» аттуу Куран жарышы өткөрүлүп, баш байгеге умрага жолдомо коюлду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын борбордук мечитинде облус боюнча «Куран жазы» аттуу Куран жарышы өттү. Жарышта ыйык Куран китебинен 1 пара, 5 пара жана 10 пара жат билгендер күч сынашты.

Куран жарышы төмөнкүдөй критерийлер менен өткөрүлдү:

1 пара Куран боюнча 6-15 жашка чейинки өспүрүмдөр;

5 пара Куран боюнча 16-20 жашка чейинки жаштар;

10 пара Куран боюнча 6-70 жашка чейин карылар катышты.

Ал эми калыстар тобуна «Кара-Балта» медресесинин устазы Адил Кирдибаев, «Кой-Таш» медресесинин устазы Мурат Эркулов, Жалал-Абад шаарынын «Исмаил аль-Бухарий» мечитинин имам-хатиби Ажымухаммад Нематилла уулу, ошондой эле дүйнөлүк Куран жарышынын жеңүүчүсү Мухаммадали кары Умаровдор болушту. 

1 пара жаттагандар арасында 1-орунду Убайдулла кары Курманбек жеңип чыкса, 2-орунга Нарын Ибрахим Нарынбеков, ал эми 3-орунга Амруллох Орифжанов ээ болду.

5 пара боюнча 1-орунду Аязбек Доронкулов, 2-орунду Фирдавс Пайзиллаев, 3-орунду Комбар Абаев ээледи.

10 пара боюнча 1-орунду Абддуллох Розиев, 2-орунду Абдуррохман Ахунжанов, 3-орунду Абубакир Абдурахманов багындырды.

Ал эми баш байгеге умрага жолдомо коюлуп, аны Жусупбек Миабдуллаев утуп алды. Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жеңүүчүлөрдү куттуктап, азыркы учурда Куран жаттоого, илим алууга, диний сабатсыздыкты жоюга өтө чоң мүмкүнчүлүк, кеңири шарттар бар экенине токтолуп,

«Учурдагы илим алып жаткан карыларыбыз, студенттерибиз, сиздердин  мойнуңуздарда чоң жоопкерчилик, аманат бар. Анткени сиздер Алланын динин таанытуучусуздар, Куранды алып жүрүүчүсүздөр. Кайда болсоңуздар да аманатка бекем болуңуздар», – деп билдирди.

Белгилей кетсек, «Куран жазы» конкурсун уюштурууга «Мүрөк» коомдук бирикмеси көмөк көрсөтсө, иш-чараны уюштурган казыяттын окуу адиси Дилмурат ажы Орозов болду.