Араван районундагы дин кызматкерлерине Рамазанга карата тапшырмалар берилди

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков райондогу жалпы имамдарга жыйын өттү. Жыйында баш имам орозо айына даярдык, Азирети Муфтийдин №68 буйругун имамдарга түшүндүрдү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого байланышкан кутбаларды КМДБ тарабынан берилген темага кошуп насаат айтуу тапшырмасын берди.

«Ош облусунун аймагында акыркы эки ай ичинде өтө көп жол кырсыктары катталыптыр. Мунун баары жол эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Кыргызстандын атуулу катары биз дагы мындай жаман көрүнүштөрдүн алдын алууга өз салымыбызды кошушубуз керек», – деди Максат кары Сыдыков.